• Новости Государственное муниципальное управление

ГМУ кафедрасынын профессордук окутуучулук курамы 2-курстардын окуу-таанышуу практикаларын өтөп жаткандыгын жеринен текшерип келишти

2023-02-17 10:14:22 97

Ош Мамлекеттик университетинин Бизнес жана Менеджмент факультетинин Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан 2-курстарынын студенттеринин окуу-таанышуу практикасынын жүрүшүн текшерүү жана студенттерге консультация берүү менен биргеликте КР нын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү,Ош шаарынын мэриясы, Ош шаардык кеңеши, Сулайман-Тоо, Керме-Тоо, Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыктары жана КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен ошондой эле 4 багыт боюнча Алай,Чоң-Алай багыты боюнча Маматова Айнура Базарбаевна Алай райондук мамлекеттик администрациясы, Гүлчө, Жакенди, Сары-Могол ж.б.айыл өкмөттөрү менен Айыл банкы менен келишимдердин мөөнөтүн узартып келди.Ал эми Жалал-Абад, Аксы багыты боюнча Ташболотова Салтанат Абдыракмановна КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү шаардык мэриялар, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы, Ак-Коргон айыл өкмөтү, Аксы райондук мамлекеттик администрациясы, Авлетим айыл өкмөтү менен келишимдердин мөөнөтүн узартып келди. Өзгөн, Кара-Кулжа багыты боюнча Тултемирова Гульфина Токтомушевна Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы, Куршаб, Зергер айыл өкмөттөрү менен келишим түзсө, Арапова Мыскал Маматкасымовна Ноокат-Баткен багыты боюнча Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы, Ноокат шаардык мэриясы, Социалдык фонд башкармалыгы, Көк-Бел айыл өкмөтү, Баткен шаардык мэриясы ж.б.мекемелер менен студенттерди практикага кабыл алуу келишимдерин 3-5 жылдык мөөнөткө узартылып, түзүлдү.