• Новости Государственное муниципальное управление

Бизнес жана менеджмент факультетинин Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багытынын 1-2-курстардын ата-энелер чогулушу болуп өттү

2022-12-22 13:04:07 119

Ата-энелер чогулушу мектепте гана эмес, университетте да өткөрүлөт. Адатта, ата-энелер балдардын окуу жетишкендиктери жана жүрүм-турумуна байланыштуу маселелерди талкуулоо үчүн мектепке чакырылган болсо, университетте алар окуу процесси менен таанышууга чакырылат. 21-декабрда Бизнес жана менеджмент факультетинин Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багытынын 1-2-курстардын ата-энелер чогулушу болуп, анда окуу-тарбия процессинин негизги принциптери чагылдырылды. 1-курстун студенттеринин ата-энелерине Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багытынын өнүгүү стратегиясы менен тааныштырыпAVN системасы, мобилдүүлүк, факультеттин материалдык-техникалык базасы жана ички тартип эрежелери тууралуу айтып, окутуунун кредиттик системасынын принциптери түшүндүрүлдү. 4-курстун студенттери Рустам уулу Артур жана Зарылбеков Тынарбектер “Окуу-тарбия процесси - студенттин көзү менен”аттуу баяндама жасап, ата-энелерге сунуштарды беришти.