2024-12-30 06:29:00 75
Сиздерди кирип келе жаткан жаң ы 2025-жылы менен чын дилибизден куттуктайбыз! Жаңы жыл ак тилектин, аруу ниеттин, ынтымактуулуктун жана тилектештиктин жылы болсун. Өз өмүрлөрүн келечек муунду тарбиялоого арнаган ардактуу кесиптештерибиздин иштеринде ийгиликтер жаралып, ал эми студент досторубуз келечекте Мекенибиздин тагдырын чече турган, эл журттун керегине жараган, Кыргызстандын экономикасын көтөрө турган билимдүү, башкаруу тармагында кесипкөй адис, патриот, мыкты инсандар катары тарбияланып, өсүп чыксын. Бүгүн жаңы жылдын босогосунда туруп, артка кылчайсак өтүп бараткан жыл да биз үчүн жакшы жыл болду. Илим, билим, окуу-тарбия, спорт тармагында көп ийгиликтерге жетиштик, аларды айтып бүткүс, бирок кантсе да негизгилерине токтоло кетпөөгө болбостур. Студенттерибиз «Менеджмент» предмети боюнча өткөрүлгөн Республикалык Олимпиадада 2-орун, Эл аралык Олимпидада 3-орунду камсыз кылышты, сапаттуу билим берүү багытында белгилүү илимпоздор, атактуу ишкерлер менен байма-бай коноктук лекцияларды, семинарларды уюштурууга жетиштик. Ушул окуу жылынын 1-сесместринде эле кафедранын 5 окутуучусу тажрыйба алмашуу багытында жакынкы чет өлкөлөрдө иш сапарларында болуп келишти. Студенттик академиялык мобилдүүлүк программалары боюнча бир топ студенттерибиз Өбекстандын, Казакстандын бир нече ЖОЖдорунда, ошол эле учурда алардын да студенттери бизде окуп кетишти. Көп бүтүрүүчүлөрүбүз факультетти мыкты аяктап, ар түрдүү ишканаларда ийгиликтерди жаратып келишүүдө. Айтор кетип бараткан жыл жөнүндө бизде жакшы, жылуу гана эскерүүлөр калмакчы. Дагы бир жолу Сиздерди келе жаткан жаңы 2025-Жылан жылыңыздар менен “Менеджмент жана маркетинг” кафедрасынын жалпы профессордук-окутуучулук жамааты куттуктайт!