2025-04-04 03:07:37 53
2025-жылдын 3-апрель күнү ОшМУнун Экономика, бизнес жана менеджмент институтунда “3-апрель Бухгалтерлердин жана аудиторлордун кесиптик күнүнө” ошону менен катар илимий жумалыкка карата “Ишкердүүлүк субъектилеринде салык эсебин жүргүзүүнүн учурдагы абалы” деген теманын үстүндө тегерек стол болуп өттү. Бул илимий иш-чарага институттун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер активдүү катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү докладдар окулду: 1. “Кафедранын илимий ишмердүүлүгү” деген темада Бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ” кафедрасынын башчысы, э.и.к. , доцент Мырзаибраимова И.Р. 2. “Ишкердүүлүк субъектилеринде салык режиминин өзгөчөлүкьөрү” деген темада Бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ” кафедрасынын доценти, э.и.к. Ташиев Н.М. 3. “Салык эсеби предметин окутуудагы өзгөчөлүктөр” деген темада Бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ” кафедрасынын доценти, э.и.к. Макыев А.Т. Окулган докладдардын айланасында кызыктуу суроо-жооптор берилип талкуу уюштурулду.