• Новости Институт экономики, бизнеса и менеджмента

Бухгалтерлердин жана аудиторлордун кесиптик күнүнѳ карата тегерек стол болуп өттү

2025-04-05 16:13:11 18

2025-жылдын 3-апрель күнү ОшМУнун Экономика, бизнес жана менеджмент институтунда «Бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ» кафедрасы тарабынан 3-Апрель Бухгалтерлердин жана аудиторлордун кесиптик күнүнѳ карата «Ишкердүүлүк субъектилеринде салык эсебин жүргүзүүнүн учурдагы абалы» аттуу тегерек стол болуп өттү. Тегерек столдун катышуучулары: 1. КРнын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаардык башкармалыгынын жалпы салык режимдер секторунун башчысы - Кайназарова Назира Калыбековна; 2. КРнын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары жана түштүк аймактары боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгынын мониторинг жана анализ бөлүмүнүн башчысы - Сооронбаев Түгөлбай; 3. “Голден Хаус” ЖЧКсынын башкы бухгалтери - Тороева Каныкей; 4. “Райтег ДТГ” ЖЧКсынын (Россия) башкы программисти – Жээнтаев Нурбек; 5. “Достук Групп” ЖЧКсынын башкы бухгалтери - Дуданова Айнура; 6. “Авангард Сити” ЖЧКсынын башкы бухгалтери - Бакытбекова Айгерим; 7. “ЧАВО” ЖЧКсынын башкы бухгалтери - Сурапбаев Бакай; 8. М.Адышов атындагы Ош технологиялык университетинен э.и.к., доцент -Мамашов Канжарбек; 9. Ош мамлекеттик университетинин финансы-юридикалык колледжинин директору, доцент - Исаков Нургазы; 10. Экономика, бизнес жана менеджмент институтунан кафедра башчылар жана Бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ кафедрасынын эмгек жамааты катышышты. Тегерек столдун жүрүшүндө бир топ маселелер талкууланып, практик-адистер тарабынан сунуш-пикирлер айтылды. Мындан тышкары салык эсеби предметин окутууда эмнелерге көнүл буруу керек экендигин жана азыркы заман талабына ылайык тематикаларды киргизүү керек экендигин сунушташты.