• Новости Институт экономики, бизнеса и менеджмента

Илимий-практикалык конференция болуп өттү

2025-04-11 03:02:38 25

2025-жылдын 10-апрель күнү саат 13:00 “Экономика, бизнес жана менеджмент” институтунун “Социалдык иштер” кафедрасынын алдындагы Социалдык клиника тарабынан «Инклюзивдик билим берүүгө карай жол: көйгөйлөр, келечеги жана чечүү жолдору» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференциянын максаты - инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүдө көйгөйлөрдү, перспективаларды жана чечүү жолдорун талкуулоо. Конференциянын милдеттери: - инклюзивдик билим берүүнүн учурдагы абалын талдоо жана аны өнүктүрүүдө негизги тоскоолдуктарды аныктоо. - билим берүү программаларын адаптациялоодо натыйжалуу чечимдерди, инновациялык ыкмаларды жана санариптик технологияларды талкуулоо. - билим берүү процессин өркүндөтүү жана майыптыгы бар жаштарды маалыматтык- консультациялык борборун түзүү боюнча практикалык сунуштарды иштеп чыгуу. Борбордун сайты: учурдагы абалы. - инклюзивдик билим берүүнү жайылтуу, изилдөө жана кеңири аудиторияны тартуу. Уюштуруучулар: 1.Экономика , бизнес жана менеджмент институтунун Социалдык иштер кафедрасынын алдындагы Социалдык Клиникасы. 2.Социалдык иштер кафедрасынын окутуучулары – Каримова Кундузхан Усоновна, Азизова Дилбара Шакировна, Каримова Дилшат Сагынбаевна. Ассистенттер – ОшМУнун Enactus командасы. Модераторлор - социол.и.к. Каримова Кундузхан Усоновна, филос.и.к. Азизова Дилбара Шакировна. Конференцияга жалпысынан 30 адам катышты. Алар - жогорку окуу жайлардын, мекеме-уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, магистранттар, студенттер ошондой эле ОшМУнун Enactus командасы. Конференциянын алкагында магистранттар, окутуучулар жана коомдук ишмерлер илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары боюнча баяндамаларды жасашты. Конференциянын жүрүшүндө ОшМУнун ички гранты тарабынан колдоого алынган «Майыптыкты изилдөө жана майыптыгы бар жаштарды маалыматтык-консультациялык колдоо борборунун виртуалдык платформасын (сайтын) түзүү» илимий изилдөө долбоорунун жана Кыргызстандагы билим берүүнү өнүктүрүү Ассоциациясынын “Кыргызстандагы билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү” аттуу изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын негизинде алынган сунуштар айтылды. Жарандык коом, окутуучулар, мамлекеттик кызматкерлер менен бирдикте талкуулар болду. Ошондой эле, ОшМУнун Enactus командасы Макамбаев Самат, Расулов Азирет, Эркинбаев Нурболот «GFinger» жана «GFace» долбоорлору боюнча питчинг жана презентацияларын жасашты. Майыптыгы бар жарандардын коомдук фонддорунун, бирикмелеринин өкүлдөрү жана иш чаранын катышуучулары тарабынан кызуу талкуулар болуп, сунуштар берилди. Бүгүнкү иш чарада долбоорлорду жакшыртууга чоӊ мүмкүнчүлүк жаралып, долбоорду иштеп чыккан жаштар үчүн аянтча түзүлдү. Долбоорлордун мындан аркы кадамдарына кызматташуулар боюнча макулдашуулар болду. Конференциянын алкагындагы тегерек столдун жыйынтыгында билим берүү мекемелери, мамлекеттик мекеме-уюмдар үчүн негизги сунуштар айтылды. Сунушталган чаралар инклюзивдүү чөйрөнү түзүүгө жана майыптыгы бар жаштар үчүн тоскоолдуктарды жоюуга багытталган. Алар: - физикалык инфраструктураны модернизациялоо; - санариптик инфраструктураны модернизациялоо; - инклюзивдик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу; - ченемдик укуктук базаны чыңдоо; - колдоо жана эмгекти интеграциялоо; - кесиптик курстарды жана окутуу программаларын иштеп чыгуу; - мамлекеттик органдар менен кызматташуу; - маалымдуулукту жогорулатуу жана көз карашты өзгөртүү; - ата-энелерди жана үй-бүлөлөрдү колдоо. Конференция жогорку денгээлде отту жана максатына жетти.