• Новости Институт экономики, бизнеса и менеджмента

ОшМУнун студенттери Америкада окуп ДИПЛОМ алышат

2025-05-12 17:26:48 39

2025-жылдын 7-9-май күндөрү ОшМУнун Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун директору, доцент Исраилов Тимур Мурзабекович жана окуу жайдын жоон тобу баштаган делегация АКШнын Түндүк Америка Университетинде өткөн (NORTH AMERICAN UNIVERSITY) эл аралык конференцияга катышышты. Бул иш-чара дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү менен пикир алышууга, тажрыйба бөлүшүүгө жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк жаратты. Иш-чаранын алкагында Түндүк Америка Университети менен биргеликте 1+1 КОШ ДИПЛОМДУУ программаны ишке ашыруу максатында жана 2+2 БАКАЛАВР кызматташтыгы боюнча меморандумун түзүштү. Мындан ары бул кызматташтыктын алкагында келечекте ОшМУнун студенттери Америкада окуп ДИПЛОМ алышат.