2025-09-01 17:04:10 169
ОшМУнун Экономика, бизнес жана менеджмент институтунда 2025-2026 окууу жылынын 1-сентябрь «Билим күнүнө” карата салтанаттуу митинг болуп өттү. Митингдин жүрүшүндө ОшМУнун санариптик трансформациялоо жана электрондук билим берүү боюнча проректору, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Молдояров Уларбек Дуйшөбекович жана Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун директору, экономика илимдеринин доктору, профессор Исраилов Тимур Мурзабекович баштаган профессордук-окутуучулук курам окуу жайдын жамаатын,жалпы студенттерин бүгүнкү 1-сентябрь «Билим күнү менен куттукташты. Мындан сырткары 2025-2026-окуу жылына карата Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамына жана студенттерине ОшМУнун ректору, профессор К.Г.Кожобековдун кайрылуусу айтылды.