2025-09-23 06:00:56 22
Кыргыз тилинин келечеги: сакталуу жана өнүгүү жолдору 2025-жылдын 22-сентябрында ЭБжМ институтунда мамлекеттик тил күнүнө карата 1-курстар аралык “Кыргыз тилинин келечеги: сакталуу жана өнүгүү жолдору” аттуу дебат өткөрүлдү. Иш-чараны ЭБжМ институтунун директору э.и.д., доцент Т.М.Исраилов жана кафедра башчылары сөз сүйлөп, студенттерди мамлекеттик тил күнү менен куттукташты. Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тилдин келечеги, анын өнүгүүсү, сактап калуу жолдору, кош тилдүүлүк, анын кыргыз тилинин өнүктүрүүгө тийгизген таасири, “аралаш тилде” (коуд-свитчинг) сүйлөө маселелери кызуу талкууга алынды. Иш-чара тил тууралуу көркөм окуу сынагы менен жыйынтыкталды. Иш-чараны ФжМАК институтунун ФАКТ кафедрасынын улук окутуучулары п.и.к. Р.Бекмуратова жана Б.Закирова уюштурушту.