• Новости Институт экономики, бизнеса и менеджмента

Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

2025-09-24 16:27:45 20

2025-жылдын 24-сентябрь күнү ОшМУнун Экономика, бизнес жана менеджмент институтунда ОшМУнун студенттик жана профессордук-окутуучулук курамдарынын арасында, укук бузуу фактыларын алдын алуу жана ошондой эле жаштарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча түшүндүрүү-профилактикалык иш-чарасы болуп өттү. Аталган иш-чарага Ош ШИИБнын Ак Буура МБ башчысынын орун басары милициянын капитаны Абдиев Шумкар Кутманович, Ак Буура МБ атайын ыйгарым өкүлү милициянын ага лейтенанты Таиров Мээримбек, ОшМУнун КК инспектору Акимжан уулу Кыялбек жана ОшМУнун психология программа жетекчиси, п.и.д. профессор Жолдошева Акчач Олмасовалар келишип коопсуздук эрежелери боюнча кенен маалымат беришти. Иш-чаранын жүрүшүндө институттун жаштар кеңеши, старосталары, академиялык кеңешчилери жана кафедра башчылар катышып, кызыккан жана түшүнбөгөн суроолоруна жооп алышты. Жыйынтыктап айтканда иш-чара өз максатына жетти!