2025-09-26 06:39:51 16
2025-жылдын 26-сентябрында ЖАК «Бакай Банк» тарабынан Ислам Каржысы бизнес-форуму ийгиликтүү өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты – Кыргызстанда ислам каржысынын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо жана анын бизнес чөйрөсүндөгү практикалык колдонулушун жайылтуу болду. Форумдун алкагында дүйнөлүк ислам финансысынын учурдагы тенденциялары, эл аралык тажрыйба жана жергиликтүү рыноктогу өзгөчөлүктөр боюнча баяндамалар угулуп, катышуучулар ортосунда ачык пикир алмашуулар болду. Иш-чарага өлкөнүн алдыңкы адистери, ишкерлер, жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери катышышты. Айрыкча, Экономика жана бизнес-жөнүндөгү менеджмент институтунун өкүлдөрү активдүү катышып, өз салымдарын кошушту. Атап айтканда, доцент Макыев А.Т., доцент Исаков Н.Ж. жана доцент Исманалиев К.И. өздөрүнүн баяндамалары менен форумдун ишин жандандырышты. Бул форум Кыргызстанда ислам каржысынын өнүгүүсүнө түрткү берип, илимий чөйрө менен практикалык бизнес ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо багытында маанилүү кадам болуп калды