2025-10-01 08:17:09 7
2025-жылдын 30-сентябрь күнү ОшМУнун экономика, бизнес жана менеджмент институтунда Кокон хандыгынын белгилүү мамлекеттик ишмери Алымбек датка Асан бий уулунун 225 жылдыгына карата спорттун “Шахмат” жана “Тогуз коргоол” түрлөрү боюнча мелдеш болуп өттү. Бул мелдештин негизги максаты жана милдети: 1. Алымбек датка Асан бий уулунун 225 жылдыгын даңазалоо; 2. Шахмат, тогуз коргоол оюндарын пропагандалоо; 3. Студенттердин ден-соолугун чындоо; 4. Стденттердин спортко болгон кызыгуусун өнүктүрүү; 5. Студенттердин байланышын чындоо; 6. Студенттерди сергек жашоого үндөө; 7. Спорттун “Шахмат” жана “Тогуз коргоол” түрлөрү боюнча ЭБжМ институтунун балдар курама командасын жана кыздар курама командасын аныктоо болуп эсептелет. Аталаган спорттук иш-чара абдан кызыктуу өттү. Жеңүүчүлөр КЫЗЫКТЫРУУЧУ СЫЙЛЫКТАР менен сыйланышты.