• Новости Институт экономики, бизнеса и менеджмента

Институттун өкүлдөрү Наманган мамлекеттик техника университетинде конференцияда

2025-10-23 09:11:20 13

ОшМУнун делегациясы э.и.д, профессор, ЭБжМ институтунун директору Исраилов Тимур Мурзабекович, э.и.к., доцент, «Ишканалардын экономикасы жана башкаруу» кафедрасынын башчысы Исаков Нургазы Жолболдуевич жана э.и.к., доцент Исманалиев Курманбек Искандерович Наманган мамлекеттик техника университетинде уюшулуп жаткан «Жашыл экономика шартында экономикалык, экологиялык жана инновациялык менеджменттин эл аралык тажрыйбасын колдонуу жолдору» аттуу конференцияга катышууда. Ушул кызматтык сапар алкагында тажрыйба алмашуу боюнча экономика, эсеп, финансы, менеджмент, анализ, аудит ж.б. дисциплиналары боюнча ар бир окутуучу 12 саат өлчөмүндө сабак өтүү тажрыйбасын көргөздү.