2025-10-28 09:35:07 62
2025-жылдын 22-октябрь күнү ОшМУнун “Экономика, бизнес жана менеджмент” институтунун “Социалдык иштер” кафедрасынын алдындагы Социалдык клиникада “19-октябрь Социалдык кызматкерлердин жана кесиптик кошуундун” күнүнө карата “Дене аркылуу туруктуулукка: конфликт жана стресс менен иштөөдө денеге багытталган терапия” аттуу интерактивдүү мастер-класс өткөрүлдү. Мастер классты социология илимдеринин кандидаты, социалдык иш кафедрасынын ага окутуучусу , тренер Каримова Кундузхан Усоновна жана денеге багытталган терапия боюнча практик жана кризистик маселелер боюча адис Михеева Делия Азизовна чакырылды. Социалдык кызматкердин кесиптик ишмердиги аткарылган иштин түрүнө карабастан, жеке адамдардын, калктын топторунун жана бүтүндөй коомдун ден соолугу жана өмүрү үчүн моралдык жоопкерчилиги жогорулаган кесиптердин бири болуп саналат. Татаал социалдык өз ара аракеттенүү учурунда социалдык кызматкерлер туш болгон тынымсыз стресстик кырдаалдар, социалдык көйгөйлөрдү тынымсыз түшүнүү, жеке ишенимсиздик жана башка моралдык-психологиялык факторлор алардын психикалык жана физикалык ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Ошондуктан, социалдык кызматкерлердин психикалык гигиенасын алдын алууга жана камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруу жана социалдык кызматкерлердин өзүн психологиялык жактан колдоо системасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү зарыл. Көптөгөн орусиялык жана эл аралык авторлордун изилдөөлөрү психикалык гигиена жана психопрофилактика ыкмаларын системалуу түрдө үйрөтүү менен социалдык кызматкерлер стресс учурунда билимдерди, көндүмдөрдү жана өз алдынча жардам көрсөтүү ыкмаларына ээ болоорун далилдеди. Бул мастер-класс келечектеги адистерди «кесиптик чарчоонун» алдын алуу жана жеңүү боюнча иштерди уюштурууда жана ишке ашырууда дене терапиясынын практикалык көндүмдөрү менен тааныштыруу максатында иштелип чыккан. Денеге багытталган терапия көнүгүүлөрү коммуникация көндүмдөрүн, эмпатикалык сапаттарды жана экспрессивдүү көндүмдөрдү өнүктүрөт, ошондой эле эмоционалдык чыңалууну алдын алуу жана жеңүү ыкмаларын үйрөтөт. Мастер класска 50 адам катышты жана катышуучуларга абдан жакты жана таасирдүү болду.