2025-10-28 10:08:21 114
2025-жылдын 23-октябрь күнү Ош мамлекеттик университетинин Экономика,бизнес жана менеджмент институтунун Социалдык иштер кафедрасы тарабынан "Социалдык кызматкерлердин жана кесиптик кошуундун" күнүнө карата "Кыргыз Республикасындагы жарандарды пенсия менен камсыздоо" аттуу конок лекция уюштурулду. Конок лекцияны Ош шаардык Социалдык фонд башкармалыгынын башчысынын орун басары Орунбаев Нуркамил Кочкорбаевич өтүп берди. Кыргыз Республикасында жарандарды пенсия менен камсыздоо — социалдык коргоонун маанилүү бөлүгү болуп саналат. Пенсия менен камсыздоо — жарандардын коопсуз жана туруктуу жашоосун камсыздоочу мамлекеттик кепилдик боюнча студенттерге кенири маалыматтар айтылды. Уюштуруучу: улук окутуучу Каримова Дилшат Сагынбаевна.