• Новости Институт экономики, бизнеса и менеджмента

17-ноябрь Эл аралык студенттер күнүнө карата Кош жылдыз кароо сынагы болуп өттү

2025-11-11 14:38:44 12

2025-жылдын 11-ноябрь күнү Ош мамлекеттик университетинин экономика, бизнес жана менеджмент институтунда 17-НОЯБРЬ СТУДЕНТТЕРДИН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮНӨ карата ДИРЕКТОРДУН КУБОГУ үчүн уюштурулган КОШ ЖЫЛДЫЗкароо-сынагы болуп өттү. Бул кароо сынактын негизги максаты: 1. Студенттерге моралдык жактан дем берүү жана эстетикалык табитин арттыруу; 2. Студенттердин сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу; 3. Таланттуу студенттерди табуу жана алардын талантын даңазалоо; 4. Студенттердин өз ара ынтымагын, достугун бекемдөө; 5. 17-ноябрь студенттердин эл аралык майрамына карата майрамдык маанай тартуулоо болуп эсептелди. Аталган кароо-сынакка ички дүйнөсү бай, интелектуал студенттерден куралган 7(жети) команда катышты. Кароо-сынактын жүрүшүндө конкурсанттардын талантына жараша “ИЙКЕМДҮҮ КОШ ЖЫЛДЫЗ”, “ТАЛАНТТУУ КОШ ЖЫЛДЫЗ”, “ЧЫГАРМАЧЫЛ КОШ ЖЫЛДЫЗ” номинациялары ыйгарылды жана кароо сынактын жеңүүчүлөрү I ДАРАЖАДАГЫ, II ДАРАЖАДАГЫ, III ДАРАЖАДАГЫ ДИПЛОМДОР, АКЧАЛАЙ СЫЙЛЫКТАР менен сыйланышты. Баардык катышуучуларга жана калыстар тобуна уюштуруу тобунун атынан терең ыраазычылык билдиребиз!