• Новости Институт экономики, бизнеса и менеджмента

17-ноябрь Эл аралык студенттер күнүнө карата Стол үстүндөгү теннис боюнча Директордун кубогу болуп өттү

2025-11-12 14:25:06 12

2025-жылдын 12-ноябрь күнү ОшМУнун экономика, бизнес жана менеджмент институтунда Адистиктер ортосунда 17-НОЯБРЬ ЭЛ АРАЛЫК СТУДЕНТТЕР КҮНҮНӨ КАРАТА спорттун СТОЛ ҮСТҮНДӨГҮ ТЕННИС түрү боюнча ДИРЕКТОРДУН КУБОГУ болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты жана милдети: 1. 17-ноябрь эл аралык студенттер күнүн даңазалоо; 2. Директордун кубогу үчүн уюштурулган мелдешти пропагандалоо; 3. Студенттердин ден-соолугун чыңдоо; 4. Спортко болгон кызыгуусун өнүктүрүү; 5. Студенттердин байланышын чыңдоо; 6. Студенттерди сергек жашоого үндөө; 7. ЭБжМ институтунун Стол үстүндөгү теннис боюнча балдар курама командасын жана кыздар курама командасын аныктоо. Иш-чаранын жүрүшүндө кыздар жана эжекелер ортосундагы мелдешке 7(жети) команда, ал эми эркек балдар жана агайлар ортосундагы мелдешке 13(он үч) команда катышып оюн абдан кызыктуу болуп өттү. Баардык спортчуларга, калыстар тобуна терең ыраазычылык билдиребиз!!!