• Новости Институт экономики, бизнеса и менеджмента

Спорттун Волейбол түрү боюнча студенттер кыздар жана эжекелер ортосунда Директордун кубогу болуп өттү

2025-11-13 17:31:37 11

2025-жылдын 13-ноябрь күнү ОшМУнун экономика, бизнес жана менеджмент институтунда Адистиктер ортосунда 17-НОЯБРЬ ЭЛ АРАЛЫК СТУДЕНТТЕР КҮНҮНӨ КАРАТА спорттун ВОЛЕЙБОЛ түрү боюнча ДИРЕКТОРДУН КУБОГУ үчүн мелдеш студент кыздар жана эжекелер ортосунда болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты жана милдети: 1. 17-ноябрь эл аралык студенттер күнүн даңазалоо; 2. Директордун кубогу үчүн уюштурулган мелдешти пропагандалоо; 3. Студенттердин ден-соолугун чыңдоо; 4. Спортко болгон кызыгуусун өнүктүрүү; 5. Студенттердин байланышын чыңдоо; 6. Студенттерди сергек жашоого үндөө; 7. ЭБжМ институтунун ВОЛЕЙБОЛ түрү боюнча кыздар курама командасын аныктоо. Иш-чаранын жүрүшүндө кыздар жана эжекелер ортосундагы мелдешке 10(он) команда катышып оюн абдан кызыктуу болуп өттү. Оюндун жыйынтыгында: 1-орунду “Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит адистигинин студенттеринен куралган курама команда багындырышты. 2-орунду “Финансы жана кредит” адистигинин студентеринен куралган курама команда камсыз кылышты. 3-орунга “Социалдык иштер” адистигинин студенттеринен куралган курама команда жетише алышты. Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана баардык спортчуларга, калыстар тобуна терең ыраазычылык билдиребиз!!!