2025-11-15 12:32:31 8
2025-жылдын 14-ноябрь күнү ОшМУнун экономика, бизнес жана менеджмент институтунда Адистиктер ортосунда 17-НОЯБРЬ ЭЛ АРАЛЫК СТУДЕНТТЕР КҮНҮНӨ КАРАТА спорттун ВОЛЕЙБОЛ түрү боюнча ДИРЕКТОРДУН КУБОГУ үчүн мелдеш студент балдар жана агайлар ортосунда болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты жана милдети: 1. 17-ноябрь эл аралык студенттер күнүн даңазалоо; 2. Директордун кубогу үчүн уюштурулган мелдешти пропагандалоо; 3. Студенттердин ден-соолугун чыңдоо; 4. Спортко болгон кызыгуусун өнүктүрүү; 5. Студенттердин байланышын чыңдоо; 6. Студенттерди сергек жашоого үндөө; 7. ЭБжМ институтунун ВОЛЕЙБОЛ түрү боюнча балдар курама командасын аныктоо. Иш-чаранын жүрүшүндө балдар жана агайлар ортосундагы мелдешке 12(он эки) команда катышып оюн абдан кызыктуу болуп өттү. Оюндун жыйынтыгында: 1-орунду “Ишкана экономикасы жана башкаруу” адистигинин студенттеринен куралган курама команда багындырышты. 2-орунду “Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит” адистигинин студентеринен куралган курама команда камсыз кылышты. Ал эми 3-орунга коюлган байге фонду “Бизнес информатика” адистигинин курама командасы менен “Менеджмент жана маркетинг” адистигинин курама командаларына тең бөлүп берүү чечими калыстар тобу тарабынан чечилди. Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана баардык спортчуларга, калыстар тобуна терең ыраазычылык билдиребиз!!!