• Новости Институт экономики, бизнеса и менеджмента

Спорттун Кичи-футбол түрү боюнча студент балдар жана агайлар ортосунда Декандын кубогу болуп өттү

2025-11-15 13:00:19 6

2025-жылдын 15-ноябрь күнү ОшМУнун экономика, бизнес жана менеджмент институтунда Адистиктер ортосунда 17-НОЯБРЬ ЭЛ АРАЛЫК СТУДЕНТТЕР КҮНҮНӨ КАРАТА спорттун КИЧИ-ФУТБОЛ түрү боюнча ДИРЕКТОРДУН КУБОГУ үчүн мелдеш студент балдар жана агайлар ортосунда болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты жана милдети: 1. 17-ноябрь эл аралык студенттер күнүн даңазалоо; 2. Директордун кубогу үчүн уюштурулган мелдешти пропагандалоо; 3. Студенттердин ден-соолугун чыңдоо; 4. Спортко болгон кызыгуусун өнүктүрүү; 5. Студенттердин байланышын чыңдоо; 6. Студенттерди сергек жашоого үндөө; 7. ЭБжМ институтунун КИЧИ-ФУТБОЛ түрү боюнча балдар курама командасын аныктоо. Иш-чаранын жүрүшүндө балдар жана агайлар ортосундагы мелдешке 12(он эки) команда катышып оюн абдан кызыктуу болуп өттү. Оюндун жыйынтыгында: 1-орунду МЕНЕДЖМЕНТ адистигинин студенттеринен куралган курама команда багындырышты. 2-орунду жаштар менен тең тайлашып институттун АГАЙЛАР курама командасы камсыз кылышты. Ал эми 3-орунду ФИНАНСЫ ЖАНА КРЕДИТ адистигинен куралаган команда илип кетти. Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана баардык спортчуларга, калыстар тобуна терең ыраазычылык билдиребиз!!!