• Новости Институт экономики, бизнеса и менеджмента

17-ноябрь студенттер күнүнө карата 1-курстун студенттерин кабыл алуу аземи болуп өттү

2025-11-17 10:03:21 3

2025-жылдын 17-ноябрь күнү Ош мамлекеттик университетинин экономика, бизнес жана менеджмент институтунда 1-курстун студенттерин кабыл алуу аземи болуп өттү. Бул иш-чараны институттун директору Т.М.Исраилов баштаган кафедра башчылар, кураторлор толугу менен катышып иш-чараны ачып беришти. Иш-чаранын жүрүшүндө 4-курстар жана жаштар кеңешинин атынан 1-курстарга карата концерттик программа тартууланып шириндиктер таратылды. Институттун жана университеттин деңгээлинде болуп жаткан спорттук, коомдук, маданий иш-чараларга активдүү катышкан студенттер сыйланды. Иш-чаранын жыйынтыгында 4-курстун студенттери 1-курстун студенттерине ЗАЧЕТТУК КИТЕПЧЕНИН, СТУДЕНТТИК БИЛЕТТИН, ОКУУ БИЛЕТИНИН МОДЕЛИН тапшырышып 1-курстун студенттерин расмий түрдө кабыл алуу менен окуу жайдын гимни жаңыртылды. Иш-чара өз максатына жетти. Урматтуу студент достор бүгүнкү майрамыңар кут болсун!!!