• Новости Институт экономики, бизнеса и менеджмента

Андижан шаарындагы Экономика жана педагогика университетинин экономика факультетинин профессордук-окутуучулук курамынан жана студенттеринен турган делегация келип кетти

2025-11-18 06:22:11 26

2025-жылдын 13-15 ноябрь күндөрү Ош мамлекеттик университетинин “Экономика, бизнес жана менеджмент” институтунда тажрыйба алмашуу максатында Өзбекстан Республикасынын Андижан шаарындагы Экономика жана педагогика университетинин экономика факультетинин профессордук-окутуучулук курамынан жана студенттеринен турган делегация келип кетти. Делегацияны ЭжП университетинин илим жана инновациялар боюнча проректору, экономика боюнча PhD доктору, профессор Халилов Нурулло Хамидиллаевич жетектеп келди. Аларды ОшМунун окуу базасы менен тааныштыруу, ЭБжМ институтунун окутуучулары менен тааныштыруу, окуу сабактарына катышуу сыяктуу эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо боюнча маанилүү иш-чаралар өткөрүлдү. Эки университеттин кызматташтыгы билим берүүдөгү, илимий жана маданий байланыштарды чыңдап бул багыттарда жакшы натыйжаларды бере турганына ишенебиз.