• Новости Институт экономики, бизнеса и менеджмента

“1-декабрь СПИД күнүнө” карата Адис менен жолугушуу болуп өттү

2025-11-21 11:38:52 20

2025-жылдын 21-ноябрь күнү “1-декабрь СПИД күнүнө” карата Ош областык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВ инфекциясын көзөмөлдөө борборунун дарыгери Бурканов Адилет Адылбекович менен ЭБжМ инситутунун жана ФЮ колледжинин студенттеринин ортосунда жолугушуу иш-чарасы болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө жугуштуу оорулардын кооптулугу, оорулардын жугуу булактары жана алардан коргонуунун жолдору боюнча дарыгер Бурканов Адилет Адылбекович тараптан кенен маалымат берилди. Студенттер кызыккан суроолоруна жооп алышып, диалог абдан кызыктуу өттү