2025-12-05 13:25:14 38
Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлеринин ортосунда болуп жаткан XXXIII СПАРТАКИАДАДА спорттун ТОГУЗ-КОРГООЛ түрү боюнча ЭЖЕКЕЛЕР ортосундагы мелдеште III ОРУНДУ жана спорттун БАСКЕТБОЛ түрү боюнча 40 ЖАШКА ЧЕЙИНКИ АГАЙЛАР ортосундагы мелдеште дагы III ОРУНДУ ОшМУнун Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун профессордук-окутуучулук курамынан куралган спортчулар камсыздай алышты. Жеңиш кут болсун урматтуу спортчулар! Алга ЭБжМ институтунун курама командасы! Мындан кийинки боло турган оюндарда дагы ийгилик жаратып ЧЕМПИОНДУК наамды татыктуу коргоп беришиңиздерге тилектешпиз.