• Новости Институт экономики, бизнеса и менеджмента

Институттун Ардагерлер кеңеши менен студенттеринин ортосунда жолугушуу болуп өттү

2025-12-09 04:42:26 24

2025-жылдын 08-декабрь күнү ОшМУнун экономика, бизнес жана менеджмент институтунда, 9-ДЕКАБРЬ КОРУППЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ КҮНҮНӨ карата институттун ардагерлер кеңеши менен студенттеринин ортосунда “АРДАГЕРЛЕР САБАГЫ – СТУДЕНТТЕРДИН БАГЫТЫ” аталышында иш-чара болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө: 1. Ардагерлер өздөрүн тааныштыруу менен бирге тарыхый жана кесиптик тажрыйбаларын айтуу, жаш муунду мотивациялоого басым жасашты; 2. Ардагерлердин мисалында акыйкаттык, жоопкерчилик, адеп-ахлак жана патриоттук сапаттарды калыптандыруу боюнча акыл насааттар айтылды; 3. Жаш муун менен тажрыйбалуу муундун ортосунда тыгыз байланышын орноду; 4. Студенттердин кесиптик жана инсандык өсүүсүнө стимул берилди; 5. Ардагерлер кыргыз элинин салт-санаасын, баалуулуктарын жаштарга тааныштыруу жана урматтоо маданиятын калыптандырууга үндөштү. 6. Ардагерлер менен студенттердин ортосунда ачык микрофон уюштурулуп суроолорду берүү жана пикир алмашуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп, абдан кызыктуу жолугушуу орун алды. Жолугушуунун жыйынтыгында: 1. Эң жакшы берилген суроолорго ардагерлер тарабынан белектер тапшырылып, студенттерге мотивация берилди; 2. Жалпы ардагерлер менен бирге эстелик үчүн фото сессия, видео сессия уюштурулуп ошол эле учурда “ОшМУ билим ордосу” аталышындагы ОшМУнун гимни жаңыртылып иш-чара жыйынтыкталды. Урматтуу институттун ардагерлер кеңеши! Ар дайым ден-соолукта болуңуздар. Сиздердин кеп-кеңешиңиздер студенттер үчүн нан менен суудай керек!