2025-12-09 14:32:41 25
2025-жылдын 09-декабрь күнү ОшМУнун экономика, бизнес жана менеджмент институтунда, 9-ДЕКАБРЬ КОРУППЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ КҮНҮНӨ карата институттун ИЛИМПОЗ ДОКТОРЛОРУ жана ПРОФЕССОРЛОРУ менен СТУДЕНТТЕРИНИН ортосунда “УСТАТТАР КЕҢЕШИ – СТУДЕНТТЕРДИН КЕЛЕЧЕГИ” аталышында иш-чара болуп өттү. Жолугушуунун максаты: 1. Студенттерге илимий жана кесиптик тажрыйба берүү; 2. Муундар ортосундагы диалогду чыңдоо; 3. Келечек кесип тандоого багыт берүү; 4. Мотивация берүү жана илимий ой жүгүртүүнү өнүктүрүү; 5. Студенттик демди жана илимий чөйрөнү өнүктүрүү. Жолугушуунун жүрүшүндө: 1. Илимдин докторлору жана профессорлор өздөрүн тааныштыруу менен бирге илимий билимдерин жана тажрыйбаларын бөлүшүү менен биргеликте студенттерди илимге кызыктыруучу акыл насааттарын айтышты; 2. Докторлор менен студенттердин ачык баарлашуусу аркылуу ой-пикир алмашуу мүмкүнчүлүгүн түзүлдү; 3. Студенттердин кесиптик өнүгүүсүнө стимул берүү жана карьералык жолдор боюнча кеңеш берүү орун алды; 4. Студенттерди илимий долбоорлорго жана илимий изилдөөлөргө катышууга шыктандыруучу кеп-кеңештер айтылды; 5. Институттун жаш муундарынын илимий потенциалын баалоо жана колдоо аркылуу окуу жайдын илимий маданиятын күчөтүү аракети жолго салынды; 6. Илимпоздор менен студенттердин ортосунда ачык микрофон уюштурулуп, кенен форматта суроо-жооптор орун алып пикир алмашуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Жолугушуунун жыйынтыгында: 3. Эң жакшы берилген суроолорго ИЛИМПОЗДОР тарабынан белектер тапшырылып, студенттерге мотивация берилди; 4. Жалпы ДОКТОРЛОР, ПРОФЕССОРЛОР менен бирге эстелик үчүн фото сессия, видео сессия уюштурулуп ошол эле учурда “ОшМУ билим ордосу” аталышындагы ОшМУнун гимни жаңыртылып иш-чара жыйынтыкталды. Урматтуу институттун ИЛИМПОЗДОРУ! Ар дайым ден-соолукта болуңуздар. Сиздердин кеп-кеңешиңиздер студенттер үчүн ТАБЫЛГЫС БАЙЛЫК болуп эсептелет!