• Новости Институт экономики, бизнеса и менеджмента

ЭБжМ институтунун кафедра башчылары менен студенттер жолугушту

2025-12-11 03:12:28 25

2025-жылдын 10-декабрь күнү ОшМУнун экономика, бизнес жана менеджмент институтунда, 9-ДЕКАБРЬ КОРУППЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ КҮНҮНӨ карата институттун КАФЕДРА БАШЧЫЛАРЫ менен СТУДЕНТТЕРДИН ортосунда “ИЛИМ, БИЛИМ ЖАНА ТАРБИЯ — БИР МАКСАТ, БИР БАГЫТ” аталышында иш-чара болуп өттү. Жолугушуунун максаты: 1. Билим сапатын жогорулатуу боюнча студенттер менен жетекчилердин ортосунда ачык диалог түзүү; 2. Студенттердин окуу процессине активдүү катышуусун камсыз кылуу; 3. Окуу жайдагы академиялык маселелерди аныктоо жана чечүү жолдору боюнча пикир алышуу; 4. Жетекчилер менен студенттердин ортосунда ишенимдүү жана кызматташтык мамилесин калыптандыруу; 5. Билим берүүдөгү жаңы методикаларды, инновацияларды талкуулоо; 6. Студенттердин керектөөлөрүн, сунуштарын жана пикирлерин угуу; 7. Сапаттуу билимге жетишүүгө тоскоол болгон факторлорду азайтуу; 8. Жогорку билимдин сапатын өркүндөтүүдө биргелешкен аракеттердин маанисин түшүндүрүү. Жолугушуунун жүрүшүндө: 1. Студенттер менен биргеликте билим берүү процессиндеги көйгөйлөрдү талкуулоо болду. 2. Студенттерди сунуш айтуу, ой бөлүшүү жана биргелешип чечим кабыл алууга тартуу аракети орун алды; 3. Окуу программасы, сабак сапаты жана студенттик жетишкендиктерди жакшыртуу боюнча кеп кеңештер берилди. 4. Жетекчилер менен студенттердин ортосундагы өз ара түшүнүү жана колдоону бекемдөө колго алынды. 5. Заманбап окутуу ыкмаларын киргизүүгө багыт алуу үчүн студенттер менен пикир алмашуу болду. 6. Студенттердин окуу процесси боюнча сунуштарын жана пикирлерин угуп (күтүүлөрүн) эске алынды . 7. Тоскоол болгон факторлорду азайтуу боюнча дисциплина, катышуу, мотивация жана шарттар боюнча маселелерди студенттер менен бирге карап чыгуу каралды. 8. “Жетекчилик + студент” моделинин натыйжалуулугун бекемдөө өз максатына жетти. 9. Кафедра башчылар менен студенттердин ортосунда ачык микрофон уюштурулуп, кенен форматта суроо-жооптор орун алып пикир алмашуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Жолугушуунун жыйынтыгында: 5. Эң жакшы берилген суроолорго КАФЕДРА БАШЧЫЛАР тарабынан белектер тапшырылып, студенттерге мотивация берилди; 6. Жалпы КАФЕДРА БАШЧЫЛАР менен бирге эстелик үчүн фото сессия, видео сессия уюштурулуп ошол эле учурда “ОшМУ билим ордосу” аталышындагы ОшМУнун гимни жаңыртылып иш-чара жыйынтыкталды. Урматтуу институттун КАФЕДРА БАШЧЫЛАРЫ! Студенттерге кам көрүп, талыкпай эмгектенип, иш-чаранын жүрүшүндө берген кеп-кеңешиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!