2025-12-15 04:37:52 21
Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлеринин ортосунда өткөрүлүп жаткан XXXIII СПАРТАКИАДАДА Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун курама командасы мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, чоң ийгилик жаратты. Атап айтканда: 1. Волейбол (агайлар, 40+) — I орун 2. Шахмат (эжекелер) — I орун 3. Шахмат (агайлар) — II орун 4. Баскетбол (эжекелер, 40+) — II орун Бул жетишкендиктер — командабыздын биримдигин, жогорку спорттук чеберчилигин, тайманбас мүнөзүн жана жеңишке болгон умтулуусун даана далилдейт. Ар бир оюнчуга жана машыктыруучуларга терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздерге чың ден соолук, түгөнгүс энергия, мындан да чоң ийгиликтерди жана жаңы жеңиштерди каалайбыз! Институтубуздун намысын ар дайым бийик көтөрө бериңиздер!