2025-12-15 15:23:59 14
2025-жылдын 11-декабрь күнү ОшМУнун экономика, бизнес жана менеджмент институтунда, 9-ДЕКАБРЬ КОРУППЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ КҮНҮНӨ карата институттун ДИРЕКТОРУНУН ОРУН БАСАРЛАРЫ менен СТУДЕНТТЕРИНИН ортосунда “ИЛИМ, БИЛИМ ЖАНА ТАРБИЯ — БИР МАКСАТ, БИР БАГЫТ” аталышында иш-чара болуп өттү. Жолугушуунун максаты: 1. Билим сапатын жогорулатуу боюнча студенттер менен жетекчилердин ортосунда ачык диалог түзүү; 2. Студенттердин окуу процессине активдүү катышуусун камсыз кылуу; 3. Окуу жайдагы академиялык маселелерди аныктоо жана чечүү жолдору боюнча пикир алышуу; 4. Жетекчилер менен студенттердин ортосунда ишенимдүү жана кызматташтык мамилесин калыптандыруу; 5. Билим берүүдөгү жаңы методикаларды, инновацияларды талкуулоо; 6. Студенттердин керектөөлөрүн, сунуштарын жана пикирлерин угуу; 7. Сапаттуу билимге жетишүүгө тоскоол болгон факторлорду азайтуу; 8. Жогорку билимдин сапатын өркүндөтүүдө биргелешкен аракеттердин маанисин түшүндүрүү. Жолугушуунун жүрүшүндө: 1. Студенттер менен биргеликте билим берүү процессиндеги көйгөйлөр талкууланды. 2. Студенттерди сунуш айтуу, ой бөлүшүү жана биргелешип чечим кабыл алууга тартууга аракет болду; 3. Окуу программасы, сабактын сапаты жана студенттик жетишкендиктерди жакшыртуу айтылды. 4. Жетекчилер менен студенттердин ортосундагы өз ара түшүнүү жана колдоону бекемдөө орун алды. 5. Заманбап окутуу ыкмаларын киргизүүгө багыт алуу үчүн студенттер менен пикир алмашуу болду. 6. Студенттердин окуу процесси боюнча сунуштарын жана пикирлерин угуп (күтүүлөрүн) эске алынды. 7. Тоскоол болгон факторлорду азайтуу боюнча дисциплина, катышуу, мотивация жана шарттар боюнча маселелерди студенттер менен бирге карап чыгуу сунушу айтылды. 8. “Жетекчилик + студент” моделинин натыйжалуулугун бекемдөө =з максатына жетти. 9. Суроолорду берүү жана пикир алмашуу мүмкүнчүлүгү орун алды. Жалпы орун басарлар менен бирге эстелик үчүн фото сессия уюштурулуп ошол эле учурда “ОшМУ билим ордосу” аталышындагы ОшМУнун гимни жаңыртылып эстелик үчүн видеого алынып иш-чара жыйынтыкталды.