2025-12-15 15:27:40 41
2025-жылдын 15-декабрь күнү ОшМУнун экономика, бизнес жана менеджмент институтунда, “9-ДЕКАБРЬ КОРУППЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ КҮНҮНӨ” карата институттун ДИРЕКТОРУ, э.и.д., ПРОФЕССОР Т.М.ИСРАИЛОВ МЕНЕН менен СТУДЕНТТЕРДИН ортосунда “ТАЗА ОЙ, ТАЗА АРАКЕТ – ТАЗА КООМ” аталышында иш-чара болуп өттү. Жолугушуунун максаты: 1. Студенттерде таза ойлоону, туура чечим кабыл алуу маданиятын калыптандыруу. 2. Адеп-ахлак, чынчылдык, адилеттүүлүк сыяктуу моралдык баалуулуктарды бекемдөө. 3. Коомго пайдалуу, жоопкерчиликтүү жана активдүү жаран болууга багыт берүү. 4. Жаштардын жүрүм-турумунда тартипти, тазалыкты жана үлгүлүү мамилени калыптандыруу. 5. Билим берүү мекемесинде ачыктык, ак ниеттик жана тазалык принциптерин жайылтуу. 6. Директор менен студенттердин ортосунда түз, ишенимдүү жана ачык диалог түзүү. 7. Коррупцияга каршы туруучу ой-жүгүртүүнү жана таза аракет маданиятын өнүктүрүү. 8. Таза коомду курууда жаштардын ролун, жоопкерчилигин жана катышуусун күчөтүү. Жолугушуунун жүрүшүндө: 1. Жаштарды позитивдүү жана сынчыл ой жүгүртүүгө үйрөтүп, шайкешсиз пикирлердин таасирине алданбаган, кырдаалды туура баалап чечим чыгара алган инсан болууга багыт берилди; 2. Студенттердин ички маданиятын көтөрүп, коом үчүн маанилүү болгон адилет мамиле, акыйкатчылдык жана адамгерчилик сыяктуу сапаттарды турмуштук принципке айландыруу боюнча кеп-кеңештер айтылды; 3. Жаштарды социалдык жашоодо активдүү болууга, коомго кызмат кылууга, жарандык позициясын так көрсөтүүгө жана жалпы өнүгүүгө салым кошууга шыктандыруучу чакырыктар айтылды; 4. Университетте жана коомдо тартипти сактоо, жеке жана коомдук мейкиндикти таза кармоо, аракетинде маданияттуулукту көрсөтүү — булар үлгүлүү студент образын түзөөрү айтылды; 5. Бардык окуу процесстеринде айкындыкты камсыз кылып, студенттер менен мугалимдер ортосунда ишенимди бекемдөө, акыйкат мамилени куруу жана таза чөйрөнү түзүүгө багыт берилди; 6. Студенттер үчүн жетекчилик менен болгон баарлашууну жеңилдетүү, маселелерди ачык сүйлөшүүгө шарт түзүү жана өз ой-пикирин эркин билдирүү маданиятын өнүктүрүүгө шарт түзүлдү; 7. Жаштарда коррупцияга каршы принципиалдуу көз карашты калыптандыруу, ар бир кадамда адилеттүүлүктү сактап, мыйзам чегинде иш алып баруунун маанисин түшүндүрүлдү; 8. Коомдук өнүгүүнүн башкы кыймылдаткычы жаштар экенин белгилеп, аларды демилге көтөрүүгө, лидер болууга жана коомдук жакшылыктарга өз салымын кошууга чакырыктар айтылды; 9. Директор менен студенттердин ортосунда “Ачык микрофон” пикир алмашуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп берилди. Жолугушуунун жыйынтыгында: 1. Эң жакшы берилген суроолорго институттун директору тарабынан белектер тапшырылды; 2. Институттун директору менен бирге эстелик үчүн фото сессия уюштурулуп ошол эле учурда “ОшМУ билим ордосу” аталышындагы ОшМУнун гимни жаңыртылып эстелик үчүн видеого алынып иш-чара жыйынтыкталды.