• Новости Институт экономики, бизнеса и менеджмента

“Бүтүрүүчүлөр – институтубуздун сыймыгы”: 30 жылдык мааракеге карата бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу

2026-03-16 05:05:34 16

14-март күнү Ош мамлекеттик университетинин Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун 30 жылдык мааракесине карата “Бүтүрүүчүлөр – институтубуздун сыймыгы” аттуу жолугушуу иш-чарасы болуп өттү.   Иш-чарага институттун бүтүрүүчүлөрү, окутуучулар жамааты жана жетекчилик катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө институттун тарыхын жана өнүгүү этаптарын чагылдырган видео-презентация көрсөтүлүп, бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн кесиптик жолунда жетишкен ийгиликтери жана студенттик жылдары тууралуу кызыктуу эскерүүлөрү менен бөлүшүштү. Ошондой эле институт жетекчилиги тарабынан куттуктоо сөздөр айтылып, келген конокторго ыраазычылык билдирилди.   Иш-чаранын алкагында бүтүрүүчүлөр менен институттун ортосундагы байланышты бекемдөө жана мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында меморандумга кол коюлду.   Жолугушууну институттун дирекциясы жана Карьера борбору уюштурду. Уюштуруучулардын белгилөөсү боюнча мындай жолугушуулар бүтүрүүчүлөр менен байланышты чыңдоого жана алардын тажрыйбасын студенттерге жеткирүүгө маанилүү аянтча болуп саналат.