• Новости Государственное муниципальное управление

ИЭБжМ институтунда МЖМ кафедрасынын магистранттарынын катышуусу менен илимий маалымат базалары боюнча семинар өттү

2026-03-16 10:58:11 8

Илимий маалымат базалары жана илимий метрикалар боюнча семинар 2024-жылдын 27-октябрында ИЭБжМ институтунда (14:00, 402-аудитория) Ош технологиялык университетинин (М. Адышев атындагы ОшТУ) директору, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Хамзаева Айнура Мураталиевна менен семинар өттү. Семинардын темасы: «Илимий маалымат базалары жана илимий метрикалар (РИНЦ, Scopus жана Хирш индекси)». Иш-чарага «Бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ» (БЭжЭА) жана «Финансы жана Банк иши» (ФжБИ) кафедраларынын окутуучулары, ошондой эле Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу кафедрасынын магистранттары катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Айнура Мураталиевна окутуучулардын илимий-изилдөө иштери боюнча маселелерге кеңири токтолуп, эл аралык жана улуттук илимий маалымат базалары — Scopus жана РИНЦ, ошондой эле илимий иштин натыйжалуулугун баалоодо Хирш индексинин маанисин баяндап берди. Семинарда төмөндөгү негизги аспектилер каралды: индекстелген басылмалардагы жарыяларга карата критерийлер жана талаптар; илимий эмгектердин цитаталанышынын маанилүүлүгү; окутуучулардын жарыялоо активдүүлүгүн жогорулатуунун жолдору. Жолугушуунун жыйынтыгында Хамзаева А.М. профессордук-окутуучулук курамдын илимий потенциалын өнүктүрүүнү жана илимий изилдөөлөрдүн сапатын жакшыртууну андан ары улантуунун зарылдыгын белгилеп өттү.