Студенттердин жетишкендиктери

2026-05-20 10:12:25 13

Ош мамлекеттик университетинин Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун социалдык иштер адистигинин 2-курсунун студенттери, Социалдык иштер кафедрасынын окутуучусу Таттыбүбү Женишбековнанын жетекчилиги астында чоң жетишкендиктерди багындырышты. Суюнова Тахмина — «КМШнын мыкты студенти» наамын багындырып, эл аралык деңгээлде да өзүн жогорку потенциалын көрсөтө алды. Торокулова Нуржан — «Кыргызстандын мыкты студенти» наамына татыктуу болуп, билими, эмгекчилдиги жана коомдук иштердеги активдүүлүгү менен өзгөчөлөндү. Бул ийгиликтер — тынымсыз эмгектин, туура багыт берүүнүн жана билимге болгон умтулуунун жыйынтыгы. Сиздер менен сыймыктанабыз!