• Новости Институт экономики, бизнеса и менеджмента

Жаш адистердин келечеги: институтта кесип тандоодогу стереотиптерди жоюу боюнча мастер-класс уюштурулду

2026-06-03 16:28:11 11

2026-жылдын 24-январында Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун Социалдык иштер кафедрасынын алдындагы “Социум” волонтердук клубу жана “Эркин кыз” волонтердук клубу биргеликте “Кесип тандоодо пайда болгон социалдык-психологиялык көйгөйлөр жана стереотиптер” деген темада мастер-класс өткөрүштү. Иш-чаранын башкы максаты: Катышуучуларга кесип тандоо процессинде коомдун, үй-бүлөнүн, курбу-курдаштардын жана гендердик стереотиптердин тийгизген таасирин түшүндүрүү, социалдык-психологиялык тоскоолдуктарды аныктоого көмөктөшүү, ошондой эле жеке кызыгууларына, жөндөмдөрүнө жана баалуулуктарына ылайык аң-сезимдүү түрдө кесип тандоо көндүмдөрүн өнүктүрүү болуп саналат. Мастер-класстын жүрүшүндө катышуучулар стереотиптик ой-пикирлерди сын көз караш менен талдап, кесиптик багыт алууда өз алдынча чечим кабыл алуу жөндөмдөрүн бекемдей алышты. Иш-чарага институттун окутуучулары Кундуз Каримова, Дилбара Азизова жана Дилшат Каримова катышып, студенттер менен активдүү иш алып баруу менен бирге, аларга өздөрүнүн баалуу кеңештерин жана багыттарын беришти.