• Новости Институт экономики, бизнеса и менеджмента

«Ар бир аял ийгиликке татыктуу» аттуу аймактагы активдүү айымдардын жолугушуусу өттү

2026-06-03 16:37:51 13

2026-жылдын 27-мартында Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун «Аялдар кеңешинин» иш планына ылайык, "Социалдык иштер" кафедрасы тарабынан уюштурулган “Ар бир аял ийгиликке татыктуу” аттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын алкагында аялдардын лидерлиги жана алардын коомдогу социалдык таасири тууралуу кеңири талкуу жүрдү. Жолугушууга Ош шаарынын коомдук турмушунда активдүү орду бар, ийгиликтүү айымдар чакырылып, алар катышуучулар менен өздөрүнүн тажрыйбалары, коомдогу аялдын ролу жана ийгиликке жетүү жолдору тууралуу баалуу ой-пикирлери, кеңештери менен бөлүштүштү. Бул маанилүү жана таасирдүү иш-чараны Социалдык иштер кафедрасынын тажрыйбалуу окутуучулары К. Каримова, Д. Азизова жана Д. Каримова жогорку деңгээлде уюштуруп, өткөрүштү.