• Новости Экономика и управление на предприятии

ЭБжМ институтунун окутуучулары жана студенттери Өзбекстанда өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

2026-11-06 04:09:54 3

ЭБжМ институтунун делегациясы менен бирге, Ишкана экономикасы жана башкаруу кафедрасынын окутуучулары жана студенттери Өзбекстан республикасынын, Андижан шаарына Экономика жана педагогика университетинде 2026-жылдын 29–31октябрь күндөрү уюштурулган «ЭМГЕК РЕСУРСТАРЫН КАЛЫПТАНДЫРУУДА ЖАШТАРДЫН ОРДУ: ЗАМАНБАП ТЕНДЕНЦИЯЛАР, КӨЙГӨЙЛӨР, ЖАНА ПЕРСПЕКТИВАЛАРЫ» деген темада республикалык илимий-практикалык конференцияга кафедра башчы Исаков Нургазы Жолболдуевич, э.и.к., доцент, Саматова Эльвира Эскендеровна, э.и.к., доцент, Козленко Алла Васильевна, окутуучу жана студенттер Жарматова Регина Жомартбековна, 4-курс, Сабытова Альбина Атабековна, 4-курс, Кантова Эльвира Толкуновна (1-курс) макалалары менен катышып келишти. Конференция эң актуалдуу илимий темаларды жана жогорку сапаттагы билим берүүнү камсыз кылуу боюнча практикалык маселелерди чагылдырууга, ошондой эле билим берүү чөйрөсүндө көйгөйлөрдү чечүү жана инновацияларды киргизүү боюнча усулдук иштеп чыгууларды көрсөтүүгө багытталган.