Со студентами

Иш-чаралар жана жаңылыктар

«Бизнес информатика жана экономикадагы математика» кафедрасы · БиМ Факультети

25.04.2019

Ачык эшик күнү

25.04.2019 жыл Ачык эшик күнүндө «Бизнес информатика» адистиги активдуу катышышты.

Фото отчёт
26 Ноябрь — Жыл сайын Дүйнөлүк маалыматташтыруу күнү

«Бүткүл дүйнөлүк маалыматташтыруу» күнү

Ар жылы 26-Ноябрь «Бүткүл дүйнөлүк маалыматташтыруу» күнүндө кафедранын жалпы профессордук окутуучулук курамы «Бизнес информатика» адистигинин студенттеринин демилгеси менен биргеликте «Бизнес жана Менеджмент» факультетинде адистиктер аралык оюн-зоокторду, КВНдерди, конкурстарды уюштуруп жеңүүчүлөрдү аныктап куттуктоолорду уюштуруп келишет.

Фото отчёт
II-оорун · Илим жумалыгы

КВН — «Санариптик экономика»

Илим жумалыгынын алкагында уюштурулган «Санариптик экономика» деген аталыштагы КВНде «Бизнес информатика» адистигинин студенттери II-оорунду багындырышты.

Фото отчёт
2019 Конок лекция

«Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» — Конок лекция

КР Президентинин жарлыгы менен 2019-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылы деп аталгандыгына байланыштуу «Бизнес информатика» адистигинин жалпы студенттеринин катышуусунда конок лекция болуп өттү.

Негизги конок — «Кыргыз жайыты» улуттук ассоциациясынын Ош, Баткен областтары боюнча координатору Сактанов Арапбай «Жайыт башкаруу жана пайдалануу жана информациялык электрондук жайыт комитет» деген темада жогорку деңгээлде лекция окуду. Лекциянын жүрүшүндө өлкөнү санариптештирүүнүн пайдалуу жактары кеңири талкууланды.

Фото отчёт
30.04.2019 · Жалал-Абад, Ала-Бука I-оорун · Эл аралык турнир

AYBAT FIGHTING CHAMPIONSHIP — I-оорун

Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунда «AYBAT FIGHTING CHAMPIONSHIP» спорт клубунун демөөрчүлүгүндө өткөн эл аралык турнирде ОшМУнун БиМ факультетинин «Бизнес информатика» адистигинин 1-курсунун студенти Тойчибеков Аскат I-оорунду багындырып атайын сыйлыктар менен сыйланды.

Аскаттын ийгилиги менен кафедранын жалпы ПОК курамы аны куттуктап, мындан аркы окуусунда жана спорттук беттешүүлөрүндө чоң ийгиликтерди каалашты.

Окуу максаттары

Компетенциялар, окуунун жыйынтыктары жана максаттары

«Бизнес информатика жана экономикадагы математика» кафедрасынын профессордук окутуучулук курамы тарабынан жана тайпалардын кураторлорунун жардамы менен «Бизнес информатика» адистигинин жалпы студенттерине адистикти калыптандыра турган компетенциялар, окуунун жыйынтыктары жана максаттары боюнча атайын кеңири маалыматтар берилип турат.

Фото отчёт