Мастер-классы

Социалдык кызматкерлердин жана кесиптик кошуундун күнүнө карата интерактивдүү мастер-класс өткөрүлдү

2025-жылдын 22-октябрь күнү ОшМУнун “Экономика, бизнес жана менеджмент” институтунун “Социалдык иштер” кафедрасынын алдындагы Социалдык клиникада “19-октябрь Социалдык кызматкерлердин жана кесиптик кошуундун” күнүнө карата “Дене аркылуу туруктуулукка: конфликт жана стресс менен иштөөдө денеге багытталган терапия” аттуу интерактивдүү мастер-класс өткөрүлдү.

Мастер классты социология илимдеринин кандидаты, социалдык иш кафедрасынын ага окутуучусу , тренерлер Каримова Кундузхан Усоновна, Азизова Дилбара, Каримова Дилшат жана денеге багытталган терапия боюнча практик жана кризистик маселелер боюча адис Михеева Делия Азизовна чакырылды.

Социалдык кызматкердин кесиптик ишмердиги аткарылган иштин түрүнө карабастан, жеке адамдардын, калктын топторунун жана бүтүндөй коомдун ден соолугу жана өмүрү үчүн моралдык жоопкерчилиги жогорулаган кесиптердин бири болуп саналат. Татаал социалдык өз ара аракеттенүү учурунда социалдык кызматкерлер туш болгон тынымсыз стресстик кырдаалдар, социалдык көйгөйлөрдү тынымсыз түшүнүү, жеке ишенимсиздик жана башка моралдык-психологиялык факторлор алардын психикалык жана физикалык ден соолугуна терс таасирин тийгизет.

Ошондуктан, социалдык кызматкерлердин психикалык гигиенасын алдын алууга жана камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруу жана социалдык кызматкерлердин өзүн психологиялык жактан колдоо системасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү зарыл. Көптөгөн орусиялык жана эл аралык авторлордун изилдөөлөрү психикалык гигиена жана психопрофилактика ыкмаларын системалуу түрдө үйрөтүү менен социалдык кызматкерлер стресс учурунда билимдерди, көндүмдөрдү жана өз алдынча жардам көрсөтүү ыкмаларына ээ болоорун далилдеди.

Бул мастер-класс келечектеги адистерди «кесиптик чарчоонун» алдын алуу жана жеңүү боюнча иштерди уюштурууда жана ишке ашырууда дене терапиясынын практикалык көндүмдөрү менен тааныштыруу максатында иштелип чыккан. Денеге багытталган терапия көнүгүүлөрү коммуникация көндүмдөрүн, эмпатикалык сапаттарды жана экспрессивдүү көндүмдөрдү өнүктүрөт, ошондой эле эмоционалдык чыңалууну алдын алуу жана жеңүү ыкмаларын үйрөтөт.

Мастер класска 50 адам катышты жана катышуучуларга абдан жакты жана таасирдүү болду.


"Күн балдарынын" жана алардын ата-энелеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган социалдык-укуктук багыттагымастер классөттү.

30-майда Ош шаарында ОшМУнун ЭБМИнун Социалдык иштер кафедрасынын алдындагы Социалдык клиника жана «Социум» клубу менен биргеликте 1-июнь эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Ош шаарынын жана Ош областынын майыптыгы бар балдарга жана алардын ата–энелерине багытталган социалдык-укуктук багыттагы мастер класс өткөрдү..

Мастер-класс Ош шаарындагы Үмүт планетасы – балдардын реабилитациялык борборунда өтүп, ага жыйырмага жакын өзгөчө муктаждыгы бар балдар жана алардын ата-энелери катышты. Алар борбордун адистеринен акысыз консультациялар жана бир жолку акысыз кызматтарды ала алышты. Андан сырткары Ош шаарындагы “Фуд тайм” кафесинде социалдык-маданий иш- чара өткөрүлүп, “КҮН НУРУ” суусундуктары жеке ишкерлигин колдоо максатында Маманазарова Уркуя жана анын балдары үчүн “Социалдык ишкердик жүргүзүү, каржылык сабаттуулук жана ишкердиктин укуктук негиздери боюнча консультацияларды ММБ кафедрасынын башчысы, э.и.к., доцент Талайбек уулу Тариэль, окутуучу Эсенали кызы Гулзина жана ТЮИнин улук окутуучусу Пирматова Айпери беришти.

Окутуучулар Кундуз Каримова, Дилбара Азизова, Дилнара Рустамова, Дилшат Каримова, Рустамова Дилнара катышуучулар менен иш алып барып, пайдалуу кеңештерин беришти.

Иш-чара Кыргызстандын туруктуу өнүктүрүү максаттарынын алкагындагы Даун синдрому бар балдардын жана алардын ата-энелеринин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталып демилгеленди.