Практика и связь с производством

Практикаларды уюштуруу боюнча жобонун (№24-бюллетенинин) негизинде факультеттеги
практика боюнча жетекчинин функционалдык милдеттери

Факультеттеги багыттар жана адистиктер боюнча окуу-таанышуу, өндүрүштүк, дипломго чейинки квалификациялык ж.б. багытта өткөрүлүүчү практикалардын уюштурулуп өткөрүлүшүн жөнгө салуу менен, практикага тиешелүү болгон ректордун көрсөтмөлөрүн, буйруктарын жана өндүрүштүк практика бөлүмү тарабынан берилген сунуштардын жана тапшырмалардын негизинде иш алып барат;

Ар бир окуу жылы үчүн өткөрүлүүчү студенттердин практикасынын графигин түзөт, бекиттирет жана аны өндүрүштүк практика бөлүмүнө тапшырат;

Практикаларды өткөрүүгө сарпталуучу каражаттардын жалпы чыгымдарын түзөт;

Практика өткөрүлүүчү базаларга студенттерди бөлүштүрүү боюнча кафедралардын билдирүүлөрүн кабыл алып, факультет боюнча ректордун атына билдирүү жана буйруктун проектисин даярдайт;

Келишим түзүлгөн мекеме уюмдарга практиканын графигин, жумушчу программаларын алдын ала сунуштап макулдашуу иштерин жүргүзөт;

Келишим түзүү максатында өндүрүштүк практика бөлүмүнө практика өтүлүүчү мекеме-ишканалардын тизмесин сунуштайт.

Практиканттарды ишкана-мекемелерге өз убагында жөнөтүлүшүнө көзөмөл жүргүзөт;

Окутуунун бардык түрлөрүндөгү алыскы жана жакынкы аралыкта өткөрүлгөн практикаларды ийкемдүү технологиялар аркылуу уюштурууну, кафедра башчысы менен биргеликте пландайт жана уюштурат.

Практикага тиешелүү болгон материалдар менен кафедраларды камсыздоо иштерин уюштурат;

Практикант студенттерге багыт берүүчү жана жыйынтыктоочу конференцияларды уюштуруп өткөрөт;

Практиканын жыйынтыктары боюнча кафедралардын отчетторуна анализ жүргүзүп, факультет боюнча өндүрүштүк практика бөлүмүнө отчет берет;

Факультеттердеги Окумуштуулар Кеңешине практика маселелери боюнча отчет берет жана чечимдердин долбоорун даярдайт;

Бөлүм тарабынан уюшутурулуп өткөрүлгөн жыйындарга катышат.

Кошумча: Кафедраларга тапшырган практиканын отчетторун, ведомосторун кабыл алып бааларын ABN 13 программасына киргизет.

 

Практика боюнча жетекчинин функционалдык милдеттери Ош мамлекеттик университетинин №24-бюллетени Окумуштуулар Кеңешинин 2021-жылдын 26-февралындагы №4-жыйынында кабыл алынып, ректордун 2021-жылдын 30-мартындагы №1058-ФХД/21-буйругу менен бекитилген.