• Магистратура

Магистратура

Описание: C:Documents and SettingsUserРабочий столФОТО Ммукадас.jpg

Саламатсынарбы урматуу илимпоздор!

Миң күндүк сапар бир кадамдан башталат, ошол сынары факультетибиз түзүлгөндөн бери 20 жылдык ашык сапар улап келатат.

Биз үчүн илим уясы болгон Бизнес жана менеджмент факультети өткөн жылдар аралыгында өзүн өстүрүп-өнүктүрүү, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жаңы инновациялык билим берүүнүн дүйнөлүк деңгээлиндеги талаптарына жооп берген сапатка жетүүгө аракеттенип келет жана бул тармакта көрүнүктүү жетишкендиктерди багындырды.

Ал жетишкендиктеринин бири катары белгилеп айта турган нерсе 2008-жылдан бери түштүк аймагында жалгыз Бизнес жана менеджмент факультетинде “Экономика”, “Менеджмент” боюнча магистратура багыттары иштеп келе жатат, баштапкы магистратурага тапшыргандардын саны илимий потенциалга толгон, күчтүү жана креативдүү бүтүрүүчүлөр менен толгон.

Университетин эл аралык башка жогорку окуу жайлар менен болгон мамилеси күндөн күнгө жакшырып Бизнес жана менеджмент факультетинин магистратура “Экономика” жана “Менеджмент” багыты боюнча сыймыктана турган ийгиликтер болду.

Буга мисал катары 2012 – жылдан тарта ШОС программасы менен Кытай эл республикасына биздин факультеттин магистрантарыбыз барып билимин өркүндөтүп, билим берүүдөгү жаңы ыкмаларды үйрөнүп, эл аралык тажрыйбаларын ашырып келишүүдө. Магистрантар биздин жүзүбүздү жарык кылып мекенибиздин белгилүү мекемелеринде жетекчилик ызматтарын аркалап келе жатышат. Бул биздин факультетибиз үчүн чоң сыймык.

Сиздерди урматтоо менен магистратура бөлүмүнүн башчысы

Экономика илимдерин кандидаты, доцент

Джоробаева Мукаддас Абдужалиловна