“Кыргызстандагы жеке ишкердүүлүктү өнүктүрүү”

2019-03-22 13:15:16 149

Бүгүн 11-март 2019-жылы Бизнес жана мененджмент факультетинде “Экономика жана салыктар ”кафедрасынын окутуучулары Гүлүмкан Аттокурова жана Дилорам Хасановалар тарабынан уюштурулган микроэкономика предмети боюнча чоң актылык залда конок лекция өткөрүлдү. Бул лекцияга тармактык бизнесте 18 жылдык тажрыйбасы бар, үй-бүлөсү менен бирге бизнести айкалыштырып, атуулдук милдетин да унутпаган, чоң командасы менен чет өлкөлөрдө Кыргызстандын желегин желбиретип жүргөн лидер айым ЖУМАБАЕВА БААРКАН ЭРГЕШОВНАНЫН “Кыргызстандагы жеке ишкердүүлүктү өнүктүрүү”деген актуалдуу темадагы лекциясы болуп өттү.