• Новости Факультет Бизнес и менеджмент

БжМ факультетинин студенттери "Мобилдүүлүк" программасын ийгиликтүү колдонууда

2022-05-24 21:41:16 204

Ош мамлекеттик университети жана Андижан мамлекеттик университетинин ортосундагы мобилдүүлүк программасынын негизинде БИжЭМ кафедрасынын БИ(б)-1-20 тайпасынын студенти Жамшитбекова Малика Жамшитбековна 20 күндүк окууга (27.04.2022 ден 16.05.2022ге чейин ) Өзбекстан мамлекетинин АндМУ университетиндеги "Бизнес башкаруу" адистигинде окуп келди. Бул убакыт ичинде Андижан мамлекеттик университетиндеги факультеттерге саякат жасап, бир катар методдор менен таанышты. Дем алыш күндөрү уюштурулган иш-чараларга, оюн- зоокторго күбөө болду. Алган билими, жасаган саякаты боюнча 24.05.2022 күнү БиМ факультетинин "Бизнес информатика" адистигинин студенттери жана БИжЭМ кафедрасынын профессордук окутуучулук курамы катышкан конференция уюштуруп, студенттердин жана мугалимдердин кызыккан суроолоруна жооп берүү менен тийешелүү маалыматтарды берди.