• Новости Факультет Бизнес и менеджмент

БиМ факультетинин МжМБ кафедрасы тарабынан "Кыргыз жараны" аталышында тренинг болуп өттү

2022-06-04 11:06:20 167

2 - июнь күнү ОшМУ нун Бизнес жана менеджмент факультетинин мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу кафедрасынын профессордук окутуучулук курамы тарабынан Ош шаарындагы 5 жогорку окуу жайларынын ( Ош технологиялык университети, Ош мамлекеттик педагогикалык университети, Кыргыз-Өзбек эл аралык университети, Ош мамлекеттик юридикалык институту жана ОшМУ) студенттеринин катышуусунда “КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ" аталышындагы тренинг болуп өттү. Тренингдин максаты: жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн студенттердин маалымдуулугун жогорулатуу жана Кыргыз жараны концепциясын социалдык тармактар ​​жана мессенджерлер аркылуу жайылтуу үчүн видео тартуу техникасын, видеороликтерге сценарий жазууну үйрөтүүгө багытталды.