• Новости Факультет Бизнес и менеджмент

“IT деген эмне?” аталышында КОНОК ЛЕКЦИЯ болуп өттү

2022-12-13 12:50:27 88

Ош Мамлекеттик Университетинин Бизнес жана менеджмент факультетинин окутуучусу Аттокурова Анара Абдивалиевнанын демилгеси менен Ош шаарындагы ITC BOOTCAMP аталышындагы программалоо академиясынын жалпы жамааты менен биргеликте “IT деген эмне?” аталышында КОНОК ЛЕКЦИЯ болуп өттү. Лекциянын жүрүшүндө программалоо академиясынын менеджерлери Махамаджанова Надира, Тойчуева Айпери ошону менен биргеликте академиянын программистери Жумабеков Ороз, Тыныбек уулу Нурбек, Жыргалбек уулу Улукман, Сулайманова Медина PYTHON, JAVASKRIPT, FULLSTACK UI/UX программалоо тилдери жана алардын колдонулушу ошону менен бирге IT программалоонун азыркы учурдагы талаптары, зарылчылыгы, келечеги тууралуу ой-пикирлерин билдирип, студенттер менен кызыктуу талкуу уюштурушту.