Кирип келе жаткан 2023-ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢЫЗДАР менен!

2022-12-29 18:35:52 132

УРМАТТУУ ЖОГОРКУ БИЙИКТИКТИ КӨЗДӨГӨН СТУДЕНТ ДОСТОР ЖАНА КЕСИПТЕШТЕР! Сиздерди, «Менеджмент жана маркетинг» кафедрасынын жалпы профессордук-окутуучулук жамааты кирип келе жаткан 2023-ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢЫЗДАР менен чын дилибизден куттуктайбыз! Жаңы жыл ак тилектин, аруу ниеттин, ынтымактуулуктун жана тилектештиктин жылы болсун. Жаңы жыл сиздерге бакты таалай, үй-бүлөңүздөргө тынчылык, аманчылык, эл-жерибизге береке пайыз, молчулук, токчулук, ынтымак алып келген акжолтой, ийгиликтердин жылы болсун! Өз өмүрлөрүн келечек муунду тарбиялоого арнаган ардактуу кесиптештерибиздин иштеринде ийгиликтер жаралып, ал эми студент досторубуз келечекте Мекенибиздин тагдырын чече турган, эл журттун керегине жараган, Кыргызстандын экономикасын көтөрө турган билимдүү, башкаруу тармагында кесипкөй адис, патриот, мыкты инсандар катары тарбияланып, өсүп чыксын. Бүгүн жаңы жылдын босогосунда туруп, артка кылчайсак өтүп бараткан жыл да биз үчүн жакшы жыл болду. Илим, билим, окуу-тарбия, спорт тармагында көп ийгиликтерге жетиштик, аларды айтып бүткүс, бирок кантсе да негизгилерине токтоло кетпөөгө болбостур. 2021-2022- окуу жылында рынок шартында сапаттуу билим берүү багытында негизги билим берүү программасын жакшыртуу максатында ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү (Стейкхолдерлер) жана бүтүрүүчүлөр менен биргеликте байма-бай семинарлар өткөрүлдү Кафедранын профессору, Борбордук Азиядагы глобалдык бизнес, изилдөөлөр жана практика академиясынын Регионалдык координатору Акназарова Жылдыз Корчубековнага 2022-жылдын 18-августында Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери деген ардактуу наамы ыйгарылды, кафедранын башчысы Талайбек уулу Тариэль Кыргыз республикасынын экономика жана коммерция министрлигинин Ардак грамотасы, кафедранын доценти Сакибаев К.Ш. Кыргыз республикасынын билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун борбордук комитетинин Билим, илим профсоюзунун Отличниги, Ош шаардык Кеңещинин Ардак грамотасы менен сыйланды. «Менеджмент» багытынын 2-3 курсунун студенттери «Менеджмент» предмети боюнча ЖОЖдор аралык студенттик II Республикалык олимпиадасында 3-орунду ээлесе, ал эми «Менеджмент» багытынын 2-курсунун МТ(м)-1-21 тайпасынын магистранты Улукбек кызы Марина билим жана илимдеги ийгиликтери жана коомдук иштерге жигердүү катышкандыгы үчүн I даражадагы диплом, «Мыкты студент-2022» медалы жана «КМШнын мыкты студенти» күбөлүгү менен сыйланды. Илим изилдөө жаатында кафедранын профессору, У.Ж. Эргешбаев тарабынан илим изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча жаш аспиранттарга семинарлар уюштурулду жана анын жетекчилигинде бир нече аспиранттар жана докторанттар өз илимий иштерин коргоого жетишти. Студенттердин уюштуруучулук, башкаруучулук билим багажын толтуруу багытында белгилүү илимпоздор, атактуу ишкерлер менен байма-бай коноктук лекцияларды, семинарларды уюштурууга жетиштик. Ушул окуу жылынын 1-сесместринде эле кафедранын 3 окутуучусу тажрыйба алмашуу багытында жакынкы чет өлкөлөрдө иш сапарларында болуп келишти. Студенттик мобилдүүлүк программалары боюнча бир топ студенттерибиз Өбекстандын, Казакстандын бир нече ЖОЖдорунда, ошол эле учурда алардын да студентери бизде окуп кетишти. Көп бүтүрүүчүлөрүбүз факультетти мыкты аяктап, ар түрдүү ишканаларда ийгиликтерди жаратып келишүүдө. Айтор кетип бараткан жыл жөнүндө бизде жакшы, жылуу гана эскерүүлөр калмакчы. Дагы бир жолу Сиздерди келе жаткан жаңы 2023-Коён жылыңыздар менен “Менеджмент жана маркетинг” кафедрасынын жалпы профессордук-окутуучулук жамааты куттуктайт!