• Новости Факультет Бизнес и менеджмент

III республикалык ЖОЖдор аралык студенттик олимпиадада ОшМУнун командасы 1-орунду багынтты

2023-05-15 04:15:43 107

ОшМУнун Бизнес жана менеджмент факультетинин Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багытынын 4-курсун студентки Сагынбек уулу Шамшар, Зарылбеков Тынарбек, 3- курсун студенти Кыргызбаев Максат жана 2- курсун студенти Юсупов Ырыскелди 2023- жылдын 12- майында Бишкек шаарында К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети уюштурган 580900 Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча III республики ЖОЖдор аралык студенттик олимпиадага катышышып, тесттик тапшырмаларды иштөө боюнча 1- орунду ГМУ(б)-1-19 тайпасынын студенти Зарылбеков Тынарбек алды. Кейстерди чечүү боюнча топтук иште да ОшМУнун командысы 1-орунду багынтты.