• Новости Факультет Бизнес и менеджмент

Бизнес жана менеджмент факультетинин мугалимдери жана студенттери академиялык мобилдүүлүктөн өтүп келишти.

2023-11-30 16:08:34 53

2023-жылдын 27-ноябрынан баштап 30-Ноябрга чейинки аралыкта ОшМУнун «Бизнес жана менеджмент» факультетинин мугалимдери жана студенттери Фергана политехникалык институтунун «Өндүрүштү башкаруу” факультетинен академиялык мобилдүүлүктөн өтүп келишти. Бул иш сапардын алкагында ОшМУнун БжМ факультетинин БИжЭМ кафедрасынын доценти, ф-м.и.к. Мамытов Айтибай жана аталган кафедранын ага окутуучусу Оморов Шабданбек Орозмаматович тарабынан конок лекциялар өтүлдү. Мындан сырткары “Бизнес жана менеджмент” факультетинин 2-3-4-курсунун 13(он үч) студенти Фергана политехникалык институтунан академиялык мобилдүүлүк проргаммасы боюнча билим алышты. Студенттер Фергана политехникалык институтунун билим берүүгө түзүлгөн шарттары менен таанышышып, окуу имараттарына жана тарыхый жайларга саякат жасашты. Ошол эле учурда Фергана политехникалык институтунун жалпы профессордук окутуучулук курамы менен жолугушуп, алдыдагы кызматташтыктар боюнча пикир алышышты. Иш сапардын жыйынтыгында БжМ факультетинин мугалимдери сертификаттар менен сыйланышты. Эскерте кете турган болсок ОшМУ менен Фергана политехникалык институтунун ортосунда 2021-жылдын 2-ноябрында кызматташуу боюнча келишимге кол коюлган.