• Новости Факультет Бизнес и менеджмент

БжМ факультетинде спорттун ВОЛЕЙБОЛ түрү боюнча "Декандын кубогу" болуп өттү

2024-02-23 04:34:55 24

20.02.2024 Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдыкюбилейине жана 23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата «Бизнес жана менеджмент» факультетинин адистиктери (окутуучу-агайлар жана студенттер) ортосунда спорттун ВОЛЕЙБОЛ түрү боюнча Декандын кубогу болуп өттү. Бул спорттук турнирдин негизги максаты: 1. ОшМУнун 85 жылдык мааракесин даңазалоо; 2. Волейбол оюнун пропагандалоо; 3. Окутуучулар менен студенттердин ден-соолугун чындоо; 4. Спортко болгон кызыгуусун өнүктүрүү; 5. Окутуучулар менен студенттердин байланышын чындоо; 6. Окутуучулар менен студенттерди сергек жашоого үндөө. Оюндун жүрүшү абдан кызыктуу болду. Жыйынтыгында иш-чара өз максатына жетти. Жеңүүчү командалар I-II-III-даражадагы дипломдор, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты: · “Менеджмент” адистигин студенттерин 1-орун; · “Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит” адистигинин студенттер 2-орун; · “Ишкана экономикасы жана башкаруу” адистигинин студенттери 3-орун. Бул турнирге катышкан ар бир спортчуга ден-соолук каалайбыз. Майрамыңыздар кут болсун!!!