• Новости Факультет Бизнес и менеджмент

БжМ факультетинде 8-март "Аялдардын эл аралык күнүнө" карата ДЕКАНДЫН КУБОГУ болуп өттү

2024-03-07 03:06:54 17

04.03.2024 Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык юбилейине жана 8-март "Аялдардын эл аралык күнүнө" карата «Бизнес жана менеджмент» факультетинин адистиктер (окутуучу-эжекелер жана студент-кыздар) ортосунда спорттун ВОЛЕЙБОЛ түрү боюнча Декандын кубогу болуп өттү. Бул спорттук турнирдин негизги максаты: 1. ОшМУнун 85 жылдык мааракесин даңазалоо; 2. Волейбол оюнун пропагандалоо; 3. Окутуучулар менен студенттердин ден-соолугун чындоо; 4. Спортко болгон кызыгуусун өнүктүрүү; 5. Окутуучулар менен студенттердин байланышын чындоо; 6. Окутуучулар менен студенттерди сергек жашоого үндөө. Оюндун жүрүшү абдан кызыктуу болду. Жыйынтыгында иш-чара өз максатына жетти. Жеңүүчү командалар I-II-III-даражадагы дипломдор, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты: · “Менеджмент” адистигин студенттеринен куралган кыздар командасы 1-орунду; · “Мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу” адистигинин студенттеринен куралган кыздар командасы 2-орунду; · БжМ факультетинин “Профессордук окутуучулук курамынан (40+)” түзүлгөн курама команда 3-орунду багындырышты. Бул турнирге катышкан ар бир спортчуга ден-соолук каалайбыз. Урматтуу айымда майрамыңыздар кут болсун!!!