• Новости Факультет Бизнес и менеджмент

БжМ факультетинде "БиМ МЫРЗАСЫ 2024" кароо сынагы болуп өттү

2024-03-07 04:41:47 13

06.03.2024 ОшМУнун БжМ факультетинде Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык юбилейине жана 8-Март «Аялдардын эл аралык күнүнө» карата «БиМ мырзасы 2024»аталышында кароо-сынак болуп өттү. Бул сынактын жыйынтыгында: I-орунду “Экономика жана салыктар” кафедрасынын студенти Уланов Марлен Уланович багындырып I-даражадагы дипломдор, акчалай сыйлык жана “БиМ мырзасы 2024” аталышында статуэтка менен сыйланды; II-орунга “Мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу” кафедрасынын студенти Алтынбек уулу Нурбек жетишти; III-орун “Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит” кафедрасынын студенти Сейдалиев Нургазы үчүн ийгиликтүү болду. II-III-орунду багындырган жеңүүчүлөр II-III-даражадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.